Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Тюрингия Федералдык аймагындагы Эрфурт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Генералдык директору Корнелия Хаазе-Лерх менен жолугушуусу болуп өттү

108

          Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Тюрингия Федералдык аймагындагы Эрфурт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Генералдык директору Корнелия Хаазе-Лерх менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргызстан менен Тюрингиянын ишкерлеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында өттү.

Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын экономикалык потенциалы тууралуу кеңири маалымат берип, германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Генералдык директор Корнелия Хаазе-Лерх Тюрингия Федералдык аймагынын үч Соода-өнөр жай палатасынын бири болгон Эрфурт Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, Кыргызстан менен экономикалык кызматташууга, анын ичинде квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды Германияда ишке орноштуруу тармагына кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2024-жылдын жазында герман  ишкерлеринин жана Эрфурт Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK