2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын борбору Эрфурт шаарынын мэри Андреас Баузевайндын расмий жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Эрфурт шаарынын Мэриясынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты

92

2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын борбору Эрфурт шаарынын мэри Андреас Баузевайндын расмий жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Эрфурт шаарынын Мэриясынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, туризм тармагындагы кызматташуу, ошондой эле Кыргызстан менен Эрфурттун өкүлдөрүнүн өз ара сапарларын уюштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Эрфурт шаары менен Кыргызстандын шаарларынын ортосунда кызматташууну, биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашырууну жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү сунуштады.

А.Баузевайн Эрфурт шаары менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин жана мындай кызматташуу үчүн чоң потенциалдын бар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Элчи Ө.Текебаев Эрфурт шаарынын Ратушасынын (Мэриясынын) Алтын китебине тийиштүү жазма калтырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK