2024-жылдын 23-январында Тюрингия Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Straub KG» компаниясынын өкүлү Янка Лауфердин жолугушуусу болуп өттү

80

2024-жылдын 23-январында Тюрингия Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Straub KG» компаниясынын өкүлү Янка Лауфердин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев германиялык компанияга болгон иш сапарынын алкагында дат баспас болоттон жасалган жылытуу жана муздатуу коллекторлорун чыгарган «Straub KG» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Компания квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча да иш алып барат.

Тараптар бул германиялык компания менен Кыргызстандын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде бул германиялык компанияда Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн: Компания 1978-жылы Ганс Штрауб тарабынан жылытуучу коллекторлорду өндүрүү үчүн негизделген, ал жылытуу тармагында Европада биринчи адистештирилген ишкана болгон жана компания жылытуу жана муздатуу үчүн ылайыкташтырылган индивидуалдык коллекторлорду чыгаруучу дүйнөдөгү алдыңкы ишкана болуп саналат.

Кадимки жез коллекторлоруна салыштырмалуу, дат баспас болоттон жасалган коллекторлор сырьену 70%га чейин үнөмдөп, коррозияга каршы максималдуу туруктуулукту камсыз кылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK