2024-жылдын 24-январында Штутгарт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Экономика, эмгек жана туризм министрлигинин Стратегия, экономикалык укук, тышкы экономика жана Европа бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Юнг менен жолугушуусу болуп өттү

104

2024-жылдын 24-январында Штутгарт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Экономика, эмгек жана туризм министрлигинин Стратегия, экономикалык укук, тышкы экономика жана Европа бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Юнг менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономиканын ар кайсы тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери, анын ичинде туризм жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берип, кызматташтыкты кеңейтүү максатында эки өлкөнүн экономикасынын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык потенциал тууралуу мындан аркы байланыштарды бекемдеп, үзгүлтүксүз маалымат алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK