2024-жылдын 24-январында Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Пфорцхайм шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев текстиль товарларын өндүрүү жана жеткирүү боюнча адистешкен германиялык «Бруно Бадер» компаниясына барды

142

2024-жылдын 24-январында Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Пфорцхайм шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев текстиль товарларын өндүрүү жана жеткирүү боюнча адистешкен германиялык «Бруно Бадер» компаниясына барды. Элчи Ө.Текебаев компаниянын аткаруучу директорлору Клаус Бадер жана Александр Бадер менен жолугушту.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда азыркы учурда текстиль тармагын өнүктүрүү боюнча маалымат берип, Германия менен бул тармакта кызматташуунун жакшы потенциалы бар экендигин белгиледи жана германиялык «Бруно Бадер» компаниясын Кыргызстан менен кызматташууга чакырды.

Компаниянын өкүлдөрү Элчини компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, Кыргызстандын текстиль тармагындагы компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Элчи Ө.Текебаевдин бул компанияга барышы Германиядагы кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрүнүн бири Гүлжан Сайдилкан-Фриндттин жардамы менен мүмкүн болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK