Трептов сейил багындагы жана Тиргартендеги советтик аскердик мемориалдарында гул чамбар койю эскеруу аземи тууралуу

5091

2020-жылдын 9-майында Берлин шаарында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына мааракелик датага карата Трептов паркындагы Боштондуктун жоокеринин монументине жана Тиергартен паркындагы совет жоокерлеринин Мемориалына гүлчамбарлар коюлду.

 

Аталган иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев КМШ өлкөлөрүнүн  дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен бирге катышты. Иш чаранын катышуулучары Берлиндин башкаруучу бургомистри М.Мюллер, Саксония Федералдык жеринин Премьер-министри М.Кречмер, Германиянын Федералдык Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Ш.Штайнляйн, Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Н.Аннен, Берлиндин депутаттар палатасынын төрагасы Р.Виланд, германдык коомчулуктун өкүлдөрү, Берлиндин тургундары жана меймандары болду.

 

Франкфурт/Майн шаарында ошондой эле, Жеңиш күнүнө арналган иш-чара өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттиги катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK