Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Сауд Аль Сабах атындагы Дипломатиялык институтунун Башкы директору элчи Насер Субейх Аль-Субейх менен жолугушту

2640

2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Сауд Аль Сабах атындагы Дипломатиялык институтунун Башкы директору элчи Насер Субейх Аль-Субейх менен таанышуу жана эки мамлекеттин адистештирилген университеттеринин ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо максатында жолугушту.

Элчи А.Карагулов Насер Аль-Субейхти Дипломатиялык институттун Башкы директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулованын саламын айтты. Ошондой эле, кыргыз тараптын илимий жана академиялык тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Кувейтке боло турган иш сапарынын алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга даярдыгы тууралуу билдирди.

Өз кезегинде элчи Н.Аль-Субейх ыраазычылык билдирип, кыргыз тараптын ниетин кубаттап, тиешелүү меморандумга кол коюуга жана ЖОЖдор ортосунда тыгыз кызматташууга даяр экендигин ырастады. Тактап айтканда, Дипломатиялык институттун кеңири эл аралык байланыштарын белгилеп, эки өлкөнүн дипломаттары үчүн курстарды жана семинарларды биргелешип уюштурууга, профессордук-окутуучулук курамдын деңгээлинде тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин тастыктады.

Муну менен бирге, тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык университеттеринин түзүлүш тарыхына жана ишмердүүлүгүнө кыскача экскурсия жасашты. Элчи А.Карагулов Кыргызстандын жаштарынын араб тилин, араб дүйнөсүнүн тарыхын жана маданиятын изилдөөгө болгон кызыгуусу жогору экендигин айтып, баарлашуунун соңунда башкы директор Насер Аль-Субейхти ыңгайлуу убакытта Бишкекке келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK