Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Эмирине ишеним грамоталарын тапшырды

2039

2021-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Улуу Даражалуу Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабахка Ишеним грамотасын тапшырды.

Салтанаттуу азем Баян хансарайында Кыргыз Республикасынын, Корея Республикасынын, Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын жана Кипр Республикасынын элчилеринин катышуусунда өттү.

Эки тараптуу жолугушууда Кувейттин Эмири Шейх Наваф Аль-Сабах элчи А.Карагуловду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү динамикасына канааттангандыгын билдирди.

Өз кезегинде, элчи А.Карагулов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Улуу Даражалуу Шейх Наваф Аль-Сабахка даректелген саламын жолдоду жана кыргыз тарап Кувейт менен эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Буга байланыштуу Элчи кыргыз-кувейт мамилелерин чыңдоо жана кеңейтүү үчүн болгон күчүн жана аракеттерин жумшаарын билдирди.

Ошол эле учурда тараптар Кыргызстан менен Кувейтти бир туугандык, тарыхый жана маданий алакалар байланыштыргандыгын билдиришти, алар учурда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда туруктуу түрдө өнүгүү менен мүнөздөлө

  • 2021-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Улуу Даражалуу Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабахка Ишеним грамотасын тапшырды
  • 2021-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Улуу Даражалуу Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабахка Ишеним грамотасын тапшырды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK