Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук авиакомпаниясынын (Kuwait Airways) Директорлор Кеңешинин Төрагасы Али Мухаммад Аль-Духан мырза менен жолугушту

2037

2022-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук авиакомпаниясынын (Kuwait Airways) Директорлор Кеңешинин Төрагасы Али Мухаммад Аль-Духан мырза менен таанышуу жана аба каттамдар тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо максатында жолугушту.

Элчи А.Карагулов эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары менен катар, Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз авиакаттамдарды ачуу, жүргүнчүлөрдүн санынын олуттуу өсүшү жана жаңы туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча элчиликтин ийгиликтүү иши тууралуу айтып берди. Буга байланыштуу, ал кыргыз тараптын Кувейттин жана Булуңундагы мамлекеттердин жарандары үчүн визасыз режимди киргизүү, «Ачык асман» саясатын колдонуу, «Бешинчи даражадагы аба эркиндиги жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу боюнча максаттуу аракеттерин жана башкаларды белгиледи.

Өз кезегинде Али Аль-Духан Kuwait Airways компаниясынын келерки жайкы сезондо Бишкекке каттамдарын ачууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан Кувейттен келген туристтер үчүн популярдуу жана таанымал багытка айланып баратат деген пикирге кошулду. Тактап айтканда, ал жаңы авиакаттамды ачуунун шарттарын изилдөө жана жалпысынан аба каттамдары, туризм жана соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Бишкекке өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда түз аба каттамдарынын болушуна байланыштуу жүк ташууларды уюштуруу жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча пикир алмашышты, ведомстволор аралык байланыштарды бекемдөө зарылдыгын жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жеке сектордун өкүлдөрүнүн түз катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти. Соңунда Элчи А.Карагулов Kuwait Airways авиакомпаниясынын жетекчисин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

  • 2022-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук авиакомпаниясынын (Kuwait Airways) Директорлор Кеңешинин Төрагасы Али Мухаммад Аль-Духан мырза менен таанышуу жана аба каттамдар тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо максатында жолугушту.
  • 2022-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук авиакомпаниясынын (Kuwait Airways) Директорлор Кеңешинин Төрагасы Али Мухаммад Аль-Духан мырза менен таанышуу жана аба каттамдар тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо максатында жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK