Шайлоочулардын тизмесине кирүү тууралуу
Урматтуу мекендештер, шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон жана биометрикалык каттоодон өтүү зарыл. Андыктан, эгер 2020-жылдын 4-октябрында Кувейт Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинде ачылган 9046 шайлоо участкасында добуш берем десеңиз, *2020-жылдын 19- сентябрына чейин консулдук каттоодон жана биометрикалык каттоодон өтө элек болсоңуз биометрикалык каттоодон өтүү зарыл экенин эскертебиз!