Консулдук каттоо

Ирандагы  кыргыз жарандарын ИИРдагы Кыргызстандагы элчилигине консулдук каттоого коюу тартиби .

1.  Кыргыз Республикасынын жарандары,  алардын ичинде балдар  Кыргыз Республикасынан чыгып Иран Ислам Республикасына 3 айдан ашык  мөөнөткө келсе, анда, Иранга кирген күндөн тарта 3 күндөн 7 күнгө чейинки мөөнөттүн аралыгында Тегеран шаарындагы кыргыз элчилигине  каттого консулдук каттоого туруусу керек.

2. Консулдук каттого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын балдарына  төмөнкү шарттар  милдеттүү:

- стандарттык түрдө арыз жазып, кол коюп,  консулдук кызматкерге берүүсү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорт үлгүсүндөгү  көчүрмөсүн берүү;

-   3х4 форматында эки сүрөт.

3. Кыргыз Республикасынын ИИРдагы Тегеран шаарындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн расмий мөөрү, күнү жана колу консулдук кызматкеринин колу коюлуп, "консулдук каттоодо турат" деген белги жалпы жарандык паспортко басылат

4. Кыргыз Республикасынын жараны Ирандан туруктуу кеткен  учурда гана белгиленген тартипте консулдук каттоодон алынып салынат.