Пресс-релиз

3661

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунуда Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы  Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси А.Абдуразаков Иран Көчмөндөр оюунун Федерациясынын Президенти  Голям-Реза Джафари менен КР элчилигинде жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын элчиси дагы бир жолу  2018 –жылдын 2-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган III- Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндар жөнүндө жана катышуу шарттары тууралуу маалымат берип,  ирандык спортчуларды чакыруу менен Ысык-Көлдө өтүүчү  оюнга  жигердүү катышып берүүсүн  суранды.

Өз кезегинде, Джафари мырза  чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип,  Ирандын улуттук спортчулар командасын III-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына жигердүү катыша тураарын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK