2019-жылдын 17-октябрында, Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28-жылдыгына арналган расмий кабыл алуу болуп өттү.

3555

         2019-жылдын 17-октябрында, Тегеран шаарында  Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28-жылдыгына  арналган расмий кабыл алуу болуп өттү.
        Бул  кабыл алууга Иран Ислам Республикасынын жолдор жана шаарларды өнүктүрүү министри, Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык комиссиянын төрагасы, Мохаммад Эслами, Ирандын Маджилисинин (Парламент) депутаты Хошруди Наджафи,  Ирандын тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин мүдүрү Мохаммад Багери, Иран Ислам Республикасында  аккредитация болушкан чет мамлекеттердин элчилери, дипломаттар, башка министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү,  БУУнун өкүлдөрү, ирандык бизнес-структуралардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын (СМИ) өкүлдөрү, ошондой эле Иранда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттер катышышты.
       Кабыл алуунун башында Кыргызстан менен Ирандын малекеттик гимндери ойнолду. Андан кийин, Кыргыз Республикасынын ИИРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Авазбек Абдуразаков жана Министр М.Эслами куттуктоо сөз сүйлөштү.
        Өзүнүн салтанаттуу сөзүндө Элчи А.Абдуразаков Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен бардык катышуучуларды куттуктап, Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери жөнүндө баяндама жасашты, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарына токтолду. Атап айтканда, Иран Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын таанып, Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерди курган дүйнөдөгү биричи мамлекеттердин бири экенин баса белгиледи.
    Кыргызстан менен Ирандын элдеринин эки тараптуу кызматташуусу үчүн бекем негиз катары окшош тарыхы жана маданияты болуп саналаарын айтып, азыркы учурда, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер эки бир тууган элдин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын жакшы мисалы болуп саналаарын баса белгиледи. Эки өлкөнүн бири-бирине болгон ишеними жогорку деңгээлде, ал эми бир катар эл аралык маселелер боюнча көз караштын  окшоштугун жана биргелешип кызматташууга умтулаарын айтып өттү. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү  ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу күч алып, эки мамлекттин ортосундагы узак мөөнөттүү программасы кабыл алынганын жана учурда аны ишке ашыруу боюнча тарабтар  иштеп жатканын белгиледи.
    КР элчиси Кыргызстандын социалдык  объектилерин куруу үчүн Иран тараптын гранттык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
          Өз кезегинде, министр M.Эслам Кыргызстан менен Иран маданият жаатында жакын мамлекеттер болгондугу  менен, өз ара урмат-сый көрсөтүү, ачык-айкындуулук, ишеним жана өз ара кызыкчылыктын негизинде шериктиктин бекем пайдубалын түзгөндүгүн белгилеп,  Эки Тараптуу Комиссия  эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө  олуттуу салым кошо алат деген үмүтүн билдирди.
    Бул иш-чарага  кыргыздын  улуттук оймо-сүрөт, сувенир ж.б. менен жабдылган мини-көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери комузда кыргыздын  улуттук  kүүсүн  аткарышты, ал эми кыргыз дипломаттарынын  балдары  улуттук "Кара Жорго" бийин аткрышып, ага  меймандар жана угуучулар терең кол чабуулар менен кабыл алышты. Мындан тышкаары Кыргызстандын жаратылышы, маданияты жөнүндө тасмалар көрсөтүлдү. Бул маданий программа кабыл алууга өзгөчө атмосфера жана коозчулук берди.
          Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга  Кыргызстандын  жаратылышы, маданияты, туристик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгү боюнча атайын даярдалган тасмалар,  Кыргыз Республикасынын Эркин Экономикалык Аймактары жана долбоорлор жазылган компакт-дисктер, ошондой эле улуттук сувенирлер таратылып берилди.
           Бул иш-чара башталаарга чейин Элчи А.Абдуразаков Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу Ирандын  кабар  агенттиги "Fars News" жана башка жергиликтүү медиаларга  маек берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK