Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

4356

    2020-жылдын  9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
      Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. КР Президенти Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, медициналык гуманитардык жардам көрсөткөндугү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
    Мамлекет башчылары эки жактуу жана  аймактык кызматташууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну жана активдештирүүнү   баса белгилешти.
     Ошондой эле, эки  өлкөнүн башчылары  маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун улантылышына кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK