Чрезвычайное положение, введенное на территории Италии, в связи с пандемией COVID-19 отменено с 31 марта 2022 года.

Италияда COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө кырдаал 2022-жылдын 31-мартынан тарта токтотулган.

2022-жылдын 1-июнунан тарта эмдөө, дарылоо же молекулярдык/антигендик тесттин сертификаты деп аталган "Green Pass" Италияга кирүү же кайтып келүү үчүн талап кылынбайт. COVID-19нын жайылышына байланыштуу чет өлкөдөн келүүлөрдү чектөө чаралары мындан ары күчүн жоготту. Ошол эле учурда, Италияга барууну пландап жаткан жарандардын COVID-19 инфекциясы менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн медициналык камсыздандыруусу болушу керек.
Бирок, учурда Италия ЕБден тышкаркы өлкөлөр тарабынан берилген жана Европанын Дары-дармек агенттиги тарабынан таанылган вакциналардын бирин алгандыгын тастыктаган Green Pass эквиваленттүү сертификаттары катары тааныйт:

Comirnaty (PfizerBioNtech), Spikevax (Moderna), Vaxzevria (AstraZeneca) же COVID-19 Vaccine Janssen (Янссен-Джонсон жана Джонсон);
ошондой эле "Covishield" (AstraZeneca лицензиясы боюнча Индиянын "Серум" институту тарабынан өндүрүлгөн);
R-CoVI (R-Pharm) (AstraZeneca лицензиясы боюнча өндүрүлгөн);
Fiocruz (AstraZeneca лицензиясы боюнча өндүрүлгөн).

Жогорудагы вакциналар менен чет өлкөдө эмдөөдөн өткөн чет элдик жарандар Италиянын аймагындагы бардык кызматтарды колдонууга укуктуу, аталган Green Pass жүктөөсүз. Green Pass эквиваленти катары каралышы үчүн чет элдик эмдөө сертификаттары ээсинин идентификациялык маалыматын, вакцинанын маалыматтарын, кабыл алынган күнүн, берген органдын идентификациялык маалыматын камтышы керек, алар италия, англис, француз, испан же немис тилдеринде да болушу керек же чет тилинен күбөлөндүрүлгөн котормосу менен коштолот.

2022-ЖЫЛДЫН 30-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН ИТАЛИЯДАГЫ ЧАРАЛАР

Италияда Green Pass презентациясы транспорт, ресторан же мейманкана кызматтарына же соода жайларына жетүү үчүн талап кылынбайт.

2022-жылдын 30-сентябрына чейин коомдук транспортто - поезддерде, кемелерде, паромдордо, автобустарда жана учактарды кошпогондо коомдук транспорттун башка түрлөрүндө, ошондой эле социалдык жана медициналык мекемелерде дем алуу органдарын коргоочу каражаттарды - FFP2 тибиндеги беткаптарды кийүү милдеттүү.

Бирок, бардык коомдук жайларда же эл үчүн ачык жерлерде дем алуу органдарын сактоо каражаттарын кийүү сунушталат.
Төмөнкүлөр үчүн дем алуу органдарын коргоо каражаттарын кийүү талап кылынбайт:
- алты жашка чейинки балдар;
- беткапты колдонууга туура келбеген патологиясы бар же майыптыгы бар адамдар, ошондой эле бул категория менен баарлашууга муктаж жана коргоочу каражаттарды колдоно албаган адамдар

- спортчулар.