Элчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна ылайык, 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин жумушчу эмес күн деп жарыяланганын маалымдайт. Бул күндөрү Элчилик жарандарды консулдук кабыл алууну жүргүзбөйт.

1453

Элчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна ылайык, 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин жумушчу эмес күн деп жарыяланганын маалымдайт. Бул күндөрү Элчилик жарандарды консулдук кабыл алууну жүргүзбөйт.Ушуга байланыштуу Элчилик жарандардан Консулдук бөлүмгө келүүсүн башка жумушчу күндөргө пландаштырууну, ошондой эле алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен документтерди тариздөө жана кабыл алуу маселелерин алдын ала чечүүнү өтүнөт.

Ошону менен бирге, 2022-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинде жарандарды кабыл алуу дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 9:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK