2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот.

2762

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Италияда турган жарандары!

         Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январында өткөрүлө турган Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн төмөнкү маалыматка көнүл бурунуз.

         Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 2020-жылдын 28-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Италиядагы  Элчилигинин шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек.

         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

         Буга байланыштуу, шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн тактап алысуу керек.

 Тизмеге кирүү талаптары:

  1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын, Кыргызстанда же Элчиликте мурда тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсүн kgembassy.it@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү.
  2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаган болсо, анда Элчилик менен байланышып, белгиленген убакытта Элчиликке келип, биометрикалык маалыматын , консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы, жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсүн тапшыруусу зарыл.

         Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт.

          Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында Италиянын Рим шаарындагы Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин имаратында өткөрүлөт (дареги Via Clitunno 2)

Алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.

 Кошумча суроолоруңуз болсо, 06 9727 1226 номерине

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK