КЭРге келүүнүн карантиндик эрежелериндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат билдирүү

847

27-жылдын 2022-декабрындагы Кытай бийлигинин расмий маалыматына ылайык, Кытай бийлиги 2023-жылдын 8-январынан тартып Кытайга келүү боюнча карантиндик эрежелерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар төмөнкүлөр:

1. 2023-жылдын 8-январынан баштап Кытайга келүү үчүн КЭРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу боюнча талаптар жокко чыгарылат.

Кытайга сапар алган жарандар кетээрден мурда 48 саат ичинде жасалган CОVID-19 ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. ПЦР тести оң болгон жарандарга тест терс болгонго чейин сапарларын кийинкиге калтырууну сунушталат.

Ушуну менен бирге, бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тартып жана Кытайга учуу учурунда беткап кийүүгө милдеттүү болот.

2. Ошондой эле Кытайга келгендердин бардыгы үчүн ПЦР-тестирлөөдөн жана жамааттык обсервациядан милдеттүү түрдө өтүү боюнча талаптар жокко чыгарылат. Бардык жүргүнчүлөр ден-соолугу жөнүндө бажы декларациясын толтуруу учурунда тесттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериши керек.

Декларацияда ден-соолугу начар экендигин көрсөткөн же эти ысыган белгилери бар жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырышат. Эгерде оң натыйжа чыкса, анда ден-соолугуна жараша, айыкканга чейин үйдө карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK