Манама шаарында Кыргызстандын Тышкы саясат мекемесинин башчысынын Бахрейн Падышалыгына кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды

1024

2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында Кыргызстандын Тышкы саясат мекемесинин башчысынын Бахрейн Падышалыгына кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министри доктор Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны ар түрдүү тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык академияларынын ортосунда кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, кыргыз-бахрейн мамилелеринин актуалдуу маселелерин чечүү жолдорун издөө, эффективдүү транспорттук-логистикалык системасын түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандан Бахрейнге айыл чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселелери талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев эки өлкөнүн кызматташтыгын активдештирүү максатында Бахрейн тарапка саясий-дипломатиялык каражаттарды активдүү колдонууну, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында төмөнкү эки тараптуу документтерге расмий кол коюу аземи болуп өттү:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы саясий кеңешмелер боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы саясий диалогду мындан ары да бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти, ошондой эле бири-бирине колдоо көрсөтүү менен эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү макулдашышты. Министр Ж.Кулубаев кесиптешин жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK