4-9-сентябр аралыгында Пекин шаарында Эл аралык соода-сатык тармагындагы комплекстүү кызмат көрсөтүү боюнча көргөзмөсү (CIFTIS) болуп өттү, анын алакагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо сөзү менен кайрылды. Бул иш-чаранын негизги уюштуруучулары КЭРнын Коммерция министрлиги жана Пекин шаарынын Элдик Өкмөтү болушту

3835

4-9-сентябр аралыгында Пекин шаарында Эл аралык соода-сатык тармагындагы комплекстүү кызмат көрсөтүү боюнча көргөзмөсү (CIFTIS) болуп өттү, анын алакагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо сөзү менен кайрылды. Бул иш-чаранын негизги уюштуруучулары КЭРнын Коммерция министрлиги жана Пекин шаарынын Элдик Өкмөтү болушту.

Экономикалык дипломатияны жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын КЭРдагы Элчилиги жогоруда аталган эл аралык көргөзмөгө онлайн форматтында катышып, Кыргызстандын экономикасынын маанилүү тармактары жөнүндө маалымат менен виртуалдык өлкө павильону түзүлүп жана “Кыргызстан - мүмкүнчүлүктөрү чексиз өлкө” деп аталган тематикалык иш-чара уюштурду, аталган иш-чаранын алкагында элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын инвестициялык климаты, айыл чарба экспорту жана туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасашты.

Андан тышкары, бул көргөзмөнүн алкагында маданий иш-чаралары болуп өтүп, кыргыз элинин маданиятын жана үрп-адаттарын чагылдырган Кыргызстандын элчилигинин стенди уюштурулду. Ошондой эле, улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү.

Бул иш-чара жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылып, жана бул Кыргызстанга байланыштуу иш-чарасына КЭРнын жарандары менен ишкерлер чөйрөсүнүн чон кызыгуусу байкалды.

Эл аралык соода-сатык тармагындагы комплекстүү кызмат көрсөтүү боюнча көргөзмөсүнө (CIFTIS) дүйнөнүн 148 өлкөсүнөн жана региондорунан 18 миң ишканалары жана уюмдары катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK