Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

1153

2022-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди.

Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргыз Республикасына болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK