2020-жылдын 18-декабрындагы Элчиликтин пресс-релизи

3455

 

      2020-жылдын 12-декабрында КЭРнын, Пекин шаарында «Дяо Юйтай» мамлекеттик резиденциясында «Кытайдын атайын китеп сыйлыгын»  тапшыруу аземи болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында кыргыз-кытай маданий байланыштарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебин кыргыз тилине которгону үчүн Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, белгилүү дипломат Бактыгүл Каламбекова «Кытайдын атайын китеп сыйлыгына» татыктуу болду.

      Бул жылы 15 чет мамлекеттердин өкүлдөрү ушул сыйлыктын эси болушкан, анын ичине Россия, Англия, Аргентина, Вьетнам, Германия, Италия, Польша, Сербия, АКШ ж. б. мамлекеттердин өкүлдөрү киришкен, алар дүйнө жүзүнүн ар тарабынан келген 314 талапкерлердин арасынан тандалып алынган.

Коронавирус COVID-19 дүйнө-жүзүнө таралышына байланыштуу, бардык номинанттар, Б.Каламбекова менен кошо «Кытайдын атайын китеп сыйлыгы» менен сыйлоо аземине катыша алышкан эмес. Б.Каламбекованын ордуна сыйлыкты КРнын КЭР Элчиси К.Бактыгулова катышып алган.

 

Маалымдама: «Кытайдын атайын китеп сыйлыгы» Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик басма жана публикация башкармалыгы уйуштурган жылдык сыйлыгы болуп саналат. Бул сыйлык Кытай жана чет өлкөлөр ортосунда маданий алмашууга көмөк көрсөтүүгө олуттуу салым кошкон, чет өлкөлүк котормочуларга, жазуучуларга жана басып чыгаруучуларга ыйгарылат. Сыйлыктар жыл сайын 2005-жылдан тартып тапшырылат. Сыйлык чет өлкөлөрдүн жарандарына тапшырылган Кытайдын жогорку сыйлык болуп саналат жана Кытайдын маданиятын жана басылмаларын, ошондой эле Кытай боюнча малыматты дүйнөгө тааныштыруусуна жана жайылтуусуна чоң салым кошкону үчүн тапшырылат.

 

  • 2020-жылдын 12-декабрында КЭРнын, Пекин шаарында «Дяо Юйтай» мамлекеттик резиденциясында «Кытайдын атайын китеп сыйлыгын»  тапшыруу аземи болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында кыргыз-кытай маданий байланыштарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебин кыргыз тилине которгону үчүн Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, белгилүү дипломат Бактыгүл Каламбекова «Кытайдын атайын китеп сыйлыгына» татыктуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK