Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторунун жарактуулук мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндө маалымат билдирүүсү

3799

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 9-мартындагы №82-токтому менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизгендигин маалымдайбыз.

Көрсөтүлгөн токтомго ылайык убактылуу 2021-жылдын 1-сентябрына чейин төмөндөгү документтердин колдонуу мөөнөтү узартылсын:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);

2) 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт), Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары;

Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктаган жарандар жалпы жарандык паспортторго белгилерди коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигине кайрыла алышат.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын паспортторун каттоо үчүн документтерди тапшыруу кадимкидей эле режимде жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK