1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмдөө күбөлүгүн же ПЦР тестин көрсөтпөстөн кире алышат
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алып келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми жокко чыгарылды.
2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмдөө күбөлүгүн же ПЦР тестин көрсөтпөстөн кире алышат.