Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев САПтын Мажлис Аш-Шурасынын вице-Спикери доктор Мишааль Мухаммед Аль-Сулами менен жолугушту

996

2022-жылдын 19-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сауд Араб Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында САПтын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) вице-Спикери доктор Мишааль Мухаммед Аль-Сулами менен абдан жылуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө доктор М.Аль-Сулами эки тараптуу кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, эки элдин тарыхый жакындыгына жана маданиятынын жалпылыгына өзгөчө басым жасады.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулап, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар САПтын парламенттик делегациясынын жакында КРга болгон иш сапарына жана  анын жүрүшүндө КРнын жогорку кызмат адамдары менен болгон мазмундуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына токтолушту.

Тараптар өз ара сапарларды уюштурууда зарыл көмөк көрсөтүүнү, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга басым жасоону, тез арада түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну, туризм тармагын өнүктүрүүнү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн САПка кирүү жол-жоболорун электрондук туристтик виза берүү аркылуу жеңилдетүүнү макулдашышты.

Министр Ж.Кулубаев 2022-жылдын март айында дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгында (2022-жылдын 19-октябры) Кыргыз-Сауд мамилелеринин тарыхында САПтын Тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргыз Республикасына болуп өткөн алгачкы расмий сапарын  канааттануу менен белгиледи. 

Ошону менен бирге ал маектешинин көңүлүн эмгек миграциясын өнүктүрүү зарылчылыгына буруп, Кыргыз Республикасы саудиялык "Saudi Vision 2030" программасынын алкагында аткарылып жаткан иштерди жогору баалай турганын билдирип, Сауд Араб Падышалыгынын Жакынкы Чыгыш аймагындагы маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле Министр Кыргыз Республикасы Падышалыктын Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында аткарып жаткан жигердүү ишин жана Падыша Салман гуманитардык жардам борборунун дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы кайрымдуулук иштерин жогору баалай турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде аймактык коопсуздук жана Украинадагы, Афганистандагы жана Йемендеги учурдагы кырдаал талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK