КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров КЭРнын КРдагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

1189

2022-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар жогорку деңгээлде иш сапарларды өткөрүү жолу менен эки тараптуу мамилелерге түрткү берүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Министрдин орун басары А.Мадмаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча өз ара аракеттенүүнүн активдүү динамикасын белгилеп, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, ал гранттык долбоорлордун практикалык ишке ашыруулусунун зарылдыгын белгилеп, айланма Чүй каналын, ошондой эле «Түндүк-Түштүк» автожолун куруу долбоорунун алкагында кар көчкүдөн коргоочу объектилерин куруусуна көңүл бурду.

Кытай Эл Республикасынын Элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон бул долбоорлорго кытай тараптан колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

 Жолугушуу достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK