Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Kонсультативдик жолугушуусу тууралуу

1122

2022-ж. 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультациялык жолугушуусу болуп, ага Казакстан Республикасынын Президенти К.-Ж.К. Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Э..Рахмон, Түркмөнстандын Президенти С.Г.Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М. Мирзиеев катышты.

Чолпон-Ата Консультативдик жолугушуусу Борбордук Азия лидерлеринин региондук коопсуздук, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, экология жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө карата жалпы көз карашын көрсөттү.

Саммитте Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында региондук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын кайрадан тастыкташты, региондогу коопсуздук маселелери, анын ичинде энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча пикир алмашышты; аймактык масштабдагы бир катар демилгелерди, атап айтканда, өз ара соодага дем берүүнүн жаңы формаларын жана механизмдерин киргизүү, региондо эл аралык транспорттук коридорлорду жана эл аралык транспорттук инфраструктураны түзүү, региондук телеканалды ачуу, БАда аймактык медиафорумду, маданият, искусство жана кино фестивалдарын өткөрүү ж.б.

Төртүнчү Консультативдик жолугушуу Борбор Азиядагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн кезектеги натыйжалуу кадамы болду.

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Келишим достукту, жакшы коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого багытталган, бул Борбор Азия мамлекеттеринин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет. Келишимде мамлекеттердин экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук, логистикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык потенциалын ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле региондогу бардык өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо-турмушун жана сапатын жогорулатууга багытталган Борбордук Азиядагы беш тараптуу кызматташуунун негизги багыттары белгиленет.

Мындан тышкары, Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды, Ошондой эле Борбордук Азиядагы практикалык кызматташтык боюнча концептуалдык документтер жактырылды: 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасы, Борбордук Азия үчүн "жашыл күн тартиби" регионалдык программасы, көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы.

2022-2024-жылдарга региондук кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасы бир катар багыттардагы кызматташтыкты тереңдетүү жана өз ара аракеттенүүнүн бир катар ведомстволор аралык механизмдерин түзүү максатында кабыл алынган. Алсак, БУУнун алдында аккредиттелген Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы саясий ведомстволору жана миссиялары, парламенттер аралык трек боюнча өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана экология, энергетика, билим берүү жана маданият жана башка чөйрөлөр үчүн жооптуу экономикалык, транспорттук, айыл чарба ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде байланыштарды активдештирүү, ошондой эле стратегиялык изилдөөлөр менен алектенген институттар/борборлор линиясы боюнча өз ара аракеттенүү каралууда.

2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин, 1992-жылдын 9-майындагы Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясын жана 2015-жылдын 12-декабрындагы Париж макулдашуусун ишке ашыруу максатында Борбордук Азия үчүн «Жашыл күн тартиби» аймактык программасы кабыл алынган. Борбордук Азия мамлекеттери биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технологияларды трансферттөө жана бул жаатта билим алмашуу аркылуу аймактагы “жашыл” экономикалык өсүштү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өз ара пайдалуу эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы региондогу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, анын ичинде "Борбордук Азия+" форматтарында, ошондой эле көп тараптуу координациянын жана кооперациянын дүйнөлүк жана топтолгон региондук тажрыйбасын эске алуу менен алардын эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташтыгы максатында кабыл алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK