Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчисин Ду Дэвэньди кабыл алды

910

2022-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисин Ду Дэвэньди кабыл алды.

Жолугушууда КЭР Элчиси Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевге даректелген катын берди.

Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери, соода-экономикалык кызматташууну жигерлентирүү, КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашты. Тараптар ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин, эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү боюнча пландарды талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Кытайдын деңиз портторундагы жүктөрүнүн токтоп турушуна, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үзгүлтүксүз жүк агымын камсыз кылуу максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK