Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева КЭРдин ТИМнин Протокол департаментинин Директорунун орун басары Ли Сян менен жолугушуу өткөрүп, Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

1012

2022-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин Директорунун орун басары Ли Сян менен жолугушуу өткөрүп, Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышып, анын ичинде алдыдагы 2023-жылга карата эки тараптуу иш-чараларды жана өлкө жетекчилигинин иш сапарларын талкуулашты.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Актилек Мусаева Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымдады, ошондой эле Кыргызстанда Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге чоң маани берилерин белгиледи.


Ошондой эле Ли Сян Актилек Мусаеваны Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү үчүн ийгилик жана жемиштүү ишмердик каалады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK