Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев КЭРнын Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

543

2023-жылдын 12-январында Министрликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин ортосундагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Маанилүү саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык окуяларга бай 2022-жылдын жыйынтыгына жогорку баа беришти. Тараптар 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алмашышты.

Транспорт, коммуникациялар, айыл чарба жана башка тармактарда, биргелешкен экономикалык долбоорлорду алга илгерилетүүгө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин коронавирустук эпидемияга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK