2023-жылдын 6-июлунда ШКУ Катчылыгынын имаратында Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Актилек Мусаеванын ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушуусу болуп өттү

168

2023-жылдын 6-июлунда ШКУ Катчылыгынын имаратында Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Актилек Мусаеванын ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун башында Элчи А.Мусаева Кыргыз Республикасы ШКУнун ишмердүүлүгүнө артыкчылыктуу маани берерин жана уюмга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү боюнча биргелешкен аракеттерди ар тараптан колдой тургандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы ШКУнун кезектеги Саммити (онлайн форматта) ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Кыргызстандын Президенти С.Жапаров тарабынан айтылган ШКУдагы Кыргызстандын негизги приоритеттерин, атап айтканда ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи А. Мусаева жана Башкы катчы Чжан Мин Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна (2023-жылдын майы) жана ШКУ мүчө мамлекеттердин Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү маселеси боюнча кеңешмелерине (2023-жылдын июну) жогору баа беришти.

Үстүбүздөгү жылы өтө турган маанилүү иш-чараларга токтолуп, тараптар 2023-жылдын 25-26-октябрында Бишкек шаарында боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын даярдоо боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.Мусаева менен Чжан Мин экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле коопсуздук, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика жана транспорттук инфраструктура тармактарында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK