Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилигинин Кеңешчи - кичи элчиси Р.Аданов менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин эл аралык бөлүмүнүн Евразия башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Ли Цзюньфу менен жолугушуусу болуп өттү

151

2023-жылдын 11-июлунда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин эл аралык бөлүмүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилигинин Кеңешчи - кичи элчиси Р.Аданов менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин эл аралык бөлүмүнүн Евразия башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Ли Цзюньфу менен жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын бардык тармактарда активдүү кызматташуусун баса белгилеп, 2023-жылы өткөн жана пландаштырылып жаткан эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларга көңүл бурушту.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы партиялар аралык өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK