Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

150

2023-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды даярдоо жана өткөрүү маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун КЭР СУАРга боло турган расмий сапары талкууланды.

Тараптар Кытай Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Ирештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Учурдан пайдаланып, Министр Ж.Кулубаев Ван Инин Кытайдын Тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн айтып, аны каалаган убакта Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK