КР Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту

206

2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ду Дэвэнь Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровго Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду. Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын Элдик Өкмөтү 100 миң доллар суммасындагы гуманитардык каржылык жардам берүүгө ниеттенүүдө.

А.Молдогазиев кытай тарапка аталган финансылык жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле кыргыз тарапка көрсөтүлүүчү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, бул эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук, ынтымакты чыңдап, стратегиялык өнөктөштүк бекемдейт.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK