Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Кытай эл аралык фильмдер жана телекөрсөтүү ЭКСПОнун (CIFTPE) 16-сессиясына катышты

3444

Ушул жылдын 11-12 сентябрында Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги Кытай эл аралык фильм жана телевидение ЭКСПОнун (CIFTPE) 16-сессиясына катышты.

Маалымат түрүндѳ: CIFTPE – Азиядага эң чоң соода аянтча жана конференциясы, жыл сайын 8 миңден ашык эрмек индустриясынын ѳкүлдѳрү катышат. 2003-жылдан баштап CIFTPE алдыңкы адистер үчүн ѳзгѳчѳ аянтчасы болуп келе жатат: продюсерлер, журналисттер, дистрибьюторлор, программа сатып алуучулар, студиялар, басма жана каражат институттар, окуу жайлар ж.б. үчүн.

Ищ-чарага катышуу учурунда Элчилик Кыргызстандын маданияты жана туризми жѳнүндѳ презентация ѳткѳрүп, аны менен бирге Ысык-Кѳлдѳгү эс алуу, кышкы, тарых-маданият жана эко-туризм жѳнүндѳ маалымат берди. Кыргызстандын электрондук визасын алуу жана эл аралык басмалардын кепилдемелери жѳнүндѳ да айтылды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75-жылдык мааракесине байланыштуу архивдик сүрѳттѳр презентациясы ѳткѳрүлдү, анын арасында кыргыз-кытай кызматташуусуна тиешелүү сүрѳттѳр да кѳргѳзүлдү.

Манасчы С.Каралаев, А.Орозбеков жана Б.Сыдыков аттуу мамлекеттик ишмерлердин ушул жылында мааракелик даталар ѳткѳрүү негизинде тиешелүү маалымат берилди.

Элчилик ѳзүнүн кѳргѳзмѳ павильонун ачып Кыргызстандын маданияты жана туризм мүмкүнчүлүктѳрү боюнча стендтер орнотулду, брошюралар таратылды, промо-роликтер кѳргѳзүлдү, кызыккан адамдар жана мекемелердин ѳкүлдѳрүнѳ ооз эки да маалымат берилди.

  • Ушул жылдын 11-12 сентябрында Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги Кытай эл аралык фильм жана телевидение ЭКСПОнун (CIFTPE) 16-сессиясына катышты.
  • Ушул жылдын 11-12 сентябрында Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги Кытай эл аралык фильм жана телевидение ЭКСПОнун (CIFTPE) 16-сессиясына катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK