Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытайдагы коронавирустун акыбалы боюнча 2020-жылдын 24-январындагы маалымат.

6504

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги, Кыргызстандын жарандарына Ухань шаарына жана Хубэй провинциясына баргандан баш тартууну сунуштайт, ошондой эле, мүмкүнчүлүк болсо Кытайдын коронавирустун жугуусу белгиленген башка шаарларына жана провинциларына сапарларын чектөөсүн, эпидемиялык абал турукташтыруусуна чейин сушуштайт.

Ошондой эле, Элчилик азыркы учурда Кыргызстандын Кытайдагы жайгашкан жарандарына, убактылуу Кыргызстанга кайтып кетүүгө мүмкүнчүлүктү карап көрүүсүн сунуш кылат.

Азыркы учурда, КЭРнын мамлекеттик органдарынын чечимине ылайык Кытайдагы бир нече шаарлар карантинге жабылгандыгы тууралуу маалымдайбыз.

Элчиликте күнү-түнү иштөөчү ыкчам штаб түзүлдү. Тынымсыз телефондор: 13581902801 жана 18611137691 .

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK