Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

3865

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында 2020-ж. 2-сентябрында КРнын КЭРдеги Элчилиги Чет өлкөлөр менен достукту бекемдөө Кытай эл коому менен бирге “Кыргызстан менен Кытайдын жергиликтүү бийликтеринин жетекчилеринин диалогу” аттуу видео-конференциясын уюштурду.

Иш-чарада КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова, Токмок шаарынын Биринчи вице-мэри К.Чотбаев, Балыкчы шаарынын Биринчи вице-мэри А.Асаналиев, Джалал-Абад шаарынын Биринчи вице-мэринин м.а. Р.Алтымышев, Чет өлкөлөр менен достукту бекемдөө Кытай эл коомунун Төрагасынын орун басары Сун Цзинъу, Хуэйчжоу шаарынын Вице-мэри Ли Цзюньлин, Чжуншань шаарынын Вице-мэри Лэй Юэлун жана Чунцин борбордук шаарынын Бишань районунун жетекчисинин орун басары Ао Бинь катышты.

Конференцияда жергиликтүү бийликтердин жетекчилери шаарларын тааныштырып, алардын инвестициялык, туристтик жана экспорттук потенциалдары, маданий тарыхый атактуу жерлери жана шаарлардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Тараптар кыргыз-кытай региондук кызматташтыктын жана боордоштук байланыштарды түзүү келечегинин маселелерин талкуулашты, Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгү экендиги тууралуу бир пикирге келишти. Ошондой эле соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттешүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK