Кыргыз Республикасынын КЭРдагы Элчиси К.Бактыгулованын Кызматташуу жана туризмди өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциясына жана Элчиликтин кызматкерлеринин 5-Пекин Эл аралык көргөзмөсүнө «The 5th Colourful World – Beijing International Culture Exhibition» катышуусу жөнүндө пресс-релиз

3767

Y.ж. 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЭРдагы Элчиси К.Бактыгулова Кызматташуу жана туризмди өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциясынын «World Conference on Tourism Cooperation and Development» ачылыш аземине катышты. Бул иш-чаранын негизги уюштуруучулары катары Бүткүл дүйнөлүк туристтик шаарларынын федерациясы (WTCF) жана CIFTIS болду.

Ошондой эле 5-9-сентябр аралыгында Элчиликтин кызматкерлери 5-Пекин Эл аралык көргөзмөсүнө «The 5th Colourful World – Beijing International Culture Exhibition» катышышты, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын павильону уюштурулган, жана ал жерде Кыргызстандын маданияты менен анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилген (улуттук үрп-адаттарын чагылдырган стенд, брошюралар, промо-роликтер), бардык көргөзмөнүн катышуучуларына өлкөбүз туралу маалымат берилип турду, Элчиликтин кызматкерлери ошондой эле улуттук кийимдер көрсөтмөсүнө катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK