Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханьхуэй менен жолугушуусу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков ү.ж. 28-октябрында, жекшембиде эртең менен Пекин шаарында транзиттик токтоосу учурунда Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханьхуэй менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Өзгөчө акцент кийинки жылы боло турган эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын, жана ошондой эле көп тараптуу иш-чаралардын өткөрүлүшүн зарыл болгон кылдаттык менен иштеп чыгууга коюлду.
КРнын Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 2018-жылдагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку динамикасын баса белгилеп, 2019-жылы андан ары активдешүүсүнө ишенимин билдирди. Өз кезегинде КЭРнын Тышкы иштер министринин орун басары өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө бекемдөөгө кытай тараптын даярдыгын белгиледи.