2020-жылдын 29-октябрында КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цянь Хуншань менен жолукту

3889

2020-жылдын 29-октябрында КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цянь Хуншань менен жолукту.

Жолугушууда Элчи К.Бактыгулова Кыргызстандын ички саясаттык кырдаалдын турукташтыруусу жана анын укуктук талаага кириши жөнүндө маалымдады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, бардык мамлекеттик жана административдик органдардын штаттык режимде иштөөсүн билдирди.

Кыргыз Республикасы өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткарат. Кыргызстандын тышкы саясаттык иш аракетинде Кытай негизги багыттардын бири катары кала беришин баса белгиледи. Кыргызстандын достуктун, жакшы коңшулуктун жана өз ара түшүнүүнүн негизинде кызматташтыкты өнүктүрүгөө даярдыгын билдирди.

Өз кезекте, Цянь Хуншань Кытайды Кыргызстан менен тоолор жана дарыялар бириктирип, эки өлкөнүн тагдыры бир экенин белгиледи. Достук коңшу өлкөнүн тынч жана стабилдүү өнүгүүсү Кытайга эң маанилүү. Кыргызстандын саясий күчтөрү өлкөдөгү кырдаалдын тез арада турукташтыруусуна багытталганына, келип чыккан маселелердин жана талаштардын тынч түрдө жана мыйзамдын чегинде чечилишине үмүт кылуусун билдирди. Ошондой эле «Бир алкак – бир жолду» куруунун алкагындагы долбоорлорго зыян келтирүүдөн баш тартууга Кыргызстандагы кытай инвесторлорунун укуктарынын коргоосуна үмүт кылды

Элчи К.Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанда иштөөчү чет өлкөлүк жарандардын жана инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүп жатканын, чет өлкөлүк компаниялардын маселелерин чечүүгө КРнын ТИМнин астында бизнести жана чет өлкөлүк инвесторлорду коргоого ыкчам штабдын түзүлүүсүн белгиледи.

Андан тышкары, тараптар мамлекеттик карызды жөнгө салуунун, партиялар жана парламенттер аралык кызматташтыктын, COVID-19 пандемиясы менен биргелешип күрөшүүнүн, көзөмөл өткөрүү пунктулары аркылуу жүк ташуунун, 2021-жылда өтүүчү юбилейлик майрамдарга – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Кытайдын коммунисттик партиясынын 100 жылдыгына, Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Эл аралык бөлүмүнүн түзүлүшүнүн 70 жылдыгына байланыштуу биргелешкен чараларды өткөрүүнүн маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK