Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы ырааттуу түрдө өнүгүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө кыргыз-индия ӨАКсынын  тогуз жолу отуруму болду. Тогузунчу отурум ү.ж.15-16-ноябрында Нью-Дели шаарында өттү. ӨАКга Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри менен Индиянын Коммерция жана өнөр-жай министри тең төрагалык кылышты.

Кыргызстандын элчилигинин демилгеси менен 2016-жылдын 18-ноябрында бизнесмендердин  ассоциациясы катары, учурда  индиялык бизнес компаниялардын  өкүлдөрүнүн 22 мүчөсүнөн турган Индия-Кыргыз ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Ишкердик кеңештин максаттары жана милдеттери – Индия менен Кыргызстан аралык экономикалык байланыштарга карата өз ара кызыкчылыктарды демилгелөө жана өнүктүрүү, бизнес жыйындарды, конференцияларды, семинарларды, жолугушууларды өткөрүү, ишкер делегациялардын иш сапарларын, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн пайдалуу болгон ишмердиктердин башка түрлөрүн  уюштуруу.

Индия-кыргыз ишкердик кеңешинин биринчи визити 2017-жылдын апрель айында Кыргызстанда өткөн. Экинчи визити 2018-жылдын сентябрь айында болду.

Соода жана инвестициялык кызматташтык алкагындагы көрүнүктүү окуялар төмөнкүлөр болду:

  • КР Президентинин Индияга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында бизнес-форум (2016-жылдын 21-декабры)
  • Кыргыз-индия инвестициялык бизнес-форуму (2017-жылдын 29-марты)
  • Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча  эл аралык форумдун алкагында «Green Investment Forum» (2017-жылдын 25-августу, Бишкек шаары)

2015, 2016 жана 2017-жылдарда туризмди жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө  карата атайын багытталган  үч масштабдагы «Роуд Шоу» уюштурулган жана өткөрүлгөн, анын ичинен акыркысы Индияда «Кыргыз Республикасынын электрондук визасы» системасын киргизүүгө жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына туш келген.

Кыргызстан акыркы жылдары ири бизнес форумдардын аянтчаларында жана дүйнөнүн бир далай өлкөлөрүнүн делегацияларынын катышуусу менен өтүүчү көргөзмөлөрдө таанылууда, алар:

  • Аахар (2015, 2016, 2017),
  • IITF (2015, 2016, 2017, 2018),
  • Surajkund Mela (2015, 2016, 2017, 2018),
  • Аялдардын  Экономикалык Форуму (2016 жана 2017- жж., май айы).
  • Индия жана КМШ өлкөлөрү менен  «Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө» бизнес-конференциясы, (2017-жылдын 21-22-сентябры) ж.б.

Индиянын белгилүү, ири эл аралык соода көргөзмө аянтчаларында  Кыргызстан өнөктөш-өлкө катары өзүн активдүү презентациялоодо.

«India International Trade Fare» - IITF 2017 деп аталган, Индия өкмөтү тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү көргөзмөдө Кыргыз Республикасы  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасынан биринчи фокустук өлкө болуп калды.

Ар түрдүү ата мекендик айыл чарба продукциялары, салттуу элдик кол өнөрчүлүк менен жасалган продукциялар, саркеч жана техниканын заманбап тенденцияларын колдонуу менен жасалган буюмдар көргөзмө аянтынын 90 чарчы метрине жайгашып, сегиз соода павильондорунда сунушталды.

Эки жуманын ичинде өткөрүлгөн бул эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын павильонуна миллиондон ашык коноктор жана катышуучулар келишип, КРнын продукциялары жогорку сапатта экенин айтышып, экологиялык жактан таза деген пикирлерин билдиришти.

2018-жылдын 1-февралынан тартып 18-февралына чейин Фаридабад шаарында «Сураджкунд Мела-2018» деп аталган көргөзмө болуп өттү.

Элчиликтин демилгеси менен Кыргызстан  кол өнөрчүлүк боюнча жыл сайын өтүүчү 32-эл аралык жарманке-фестивалында өнөктөш-өлкө катары тандалып алынды.

Бул фестивалга Кыргызстандан курамы 50 адамдан турган чоң делегация келип катышты.

Кургатылган как түрүндөгү айыл чарба продукциялары жана экологиялык жактан таза, нак балдан, кол өнөрчүлүк буюмдарынан тышкары көргөзмө-жарманкеде Кыргызстандын Өкмөтүнүн стратегиялык программалары менен долбоорлору сунушталды.

Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, соода-экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү  тууралуу презентациялар жыл сайын өтүүчү Эл аралык кайрымдуулук базары, «Дасткар» эл аралык азык-түлүк жарманкеси сыяктуу ири соода жана туристтик көргөзмөлөрдө үзгүлтүксүз сунушталып келет.

Ата мекендик продукцияларды Индиянын рыногуна  сунуштоо максатында, Кыргызстандын элчилиги тарабынан 2016-жылдын ноябрында кыргыз балынын жана жаңгагынын фестивалы, 2017-жылдын мартында Нью-Дели шаарында – кыргыз ашканасынын жумалыгы өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүн жана Эл аралык Нооруз  майрамын майрамдоо алкагында үзгүлтүксүз негизде презентациялар жана ата мекендик продукцияларга дегустация уюштурулуп турат.

Ата мекендик айыл чарба продукцияларын Индия рыногуна  экспорттоо маселесин сунуштоодо  Элчиликтин ишмердигинин зор натыйжасы болуп, келген өлкөнүн экономикалык иш чараларына үзгүлтүксүз катышуу жолу менен  төмөнкүлөргө жетишкендиги саналды:

  • Кыргыз жаңгагын экспорттоо үчүн Индия Өкмөтүнөн уруксат алуу (2017-жылдын 27-июнунда кыргыз жаңгагын Индияга ташып келүү маселеси жактырылган жана фитосанитардык процедураны аяктоо жана кыргыз жаңгагын Индияга жеткирүү мүмкүндүгүн баштоо жөнүндө атайын Notification документи басылып чыккан).
  • Кыргыз балын жана кыргыз жангагын өндүрүү, тангактоо жана индия рыногунда сатуу боюнча «Арсланбоб» биргелешкен кыргыз-индия ишканасын түзүү;
  • «Арсланбоб» продукциясын Индиядагы эң ири Amazon он-лайн дүкөнүнө жана Индиянын Modern Bazaar азык-түлүк дүкөндөр тармагына чыгаруу;

Индиялык кооперативдик уюмдар менен позитивдүү жана натыйжалуу мамилелер жөнгө салынды, анын ичинде армия жана өлкөнүн куралдуу күчтөрү үчүн азык-түлүктөрдү сатып алуу менен алектенген, эң маанилүү жана негизги орган болуп саналган  Индия Өкмөтүнө караштуу NAFED улуттук айыл чарба кооперативдик маркетинги боюнча индия федерациясы бар.

2018-жылдын февралында Кыргызстан кооперативдик союзу менен NAFED ортосунда Биргелешип аракеттенүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган.

Азия-Тынч океан региону кооперативдеринин эл аралык ассоциациясы менен бир катар иш чаралар өткөрүлдү, анын ичинде “Борбордук Азияда кооперативдерди өнүктүрүү” форуму (2017-жылдын июнь айы), Кооперативдер боюнча эл аралык конференция-тренинги (2017-жылдын октябры) бар.

2018-жылдын сентябрында Кыргызстанда кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Экинчи Форум болуп өттү, бул форумга катышкан Индиялыктардын тизмеси бир кыйла кеңейген.

Дал ушул соода-экономикалык кызматташтыкты бардык деңгээлде илгерилетүүнүн натыйжасында Кыргызстандын энергетика, туризм секторлору, кинематография, текстиль тармактары индиялыктардын кызыгуусун арттырууда.

Туризм багыты активдүү өнүгүүдө, бизнес топтордун визиттери көбөйүп жатат, ошондой эле КР менен Индия ортосунда товар жүгүртүү динамикасынын оң жакка өсүшү байкалууда.

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2016-жылы Индия менен болгон товар жүгүртүү 25 млн.долл. түзгөн, ал эми 2017-жылы – 32,3 млн. АКШ долларын түздү.

Кыргыз статистикасынын маалыматтары боюнча 2018-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 22,3 млн.долл. түздү жана бул 2017-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 3,4% көбөйдү, экспорт 2,9 млн.АКШ долларын, импорт 19,4 млн. АКШ долларын түзгөн.

Индиядан алынып келген импорттун негизги үлүшүн химиялык өнөр-жай продукциялары: фармацевтикалык продукциялар, парфюмердик-косметикалык продукциялар ээлейт.

Ошондой эле Кыргызстан рыногунда машина куруу продукциялары; жеңил өнөр жай продукциялары; текстиль жана бут кийим; азык-түлүк товарлары: чай, кофе, ар кандай татымалдар, күрүч кеңири сатылууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Индияга экспорт анча көп эмес көлөмдөгү авиакеросинден, эт жана балык продукцияларынан, ийленген териден, анын ичинде коргоо өнөр жай продукцияларынан турат.

Индиянын FICCI, CII, ASSOCHAM, PHD ж.б.у сыяктуу соода өнөр-жай палаталары менен эки тараптуу экономикалык кызматташтык жигердүү өнүгүүдө.

Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кенейтүүгө олуттуу салымын кошкон Индиянын айрым региондору менен да байланыштар өнүгүүдө.

2017-2018-жылдары экономиканын ар түрдүү секторлорунун долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу үчүн Кыргызстан  дипмиссиясынын жетекчилери экономика, инвестиция жана туризм боюнча  өз презентациялары менен Джайпур, Мумбай, Ахмедабад, Калькутта, Хайдерабад шаарларында болушуп, сапарлары жемиштүү болду.