Элчилик Индиянын Тышкы иштер министрлигине жана Эйр Индия авиакомпаниясына Кыргызстандын жарандарын Делиден Бишкекке кайтарууга кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирет

4364

26-майда Индия жарандарын Кыргызстандан алып кетүү максатында Индия тарабынан уюштурулган Эйр Индия авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча чартердик рейси уюштурулду.

Индия тарабы менен жетишилген келишимге ылайык, бул рейс менен көпчүлүгү Индияга дарылануу, ар кандай операцияларды жасатуу максатында барышкан Кыргыз Республикасынын 22 жараны алынып келинди.

Ушуга байланыштуу, Элчилик Индиянын Тышкы иштер министрлигине жана Эйр Индия авиакомпаниясына Кыргыз Республикасынын жарандарын Делиден Бишкекке кайтарууга кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK