КРнын Индиядагы Элчилигинин пресс-релизи 2019-жылдын, 12-апрели, Нью Дели ш. Пресс-релизи

6163

2019-жылдын 12-апрелинде Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаевдын Индиянын ТИМнин алдындагы ICCRдын Башкы директору Акхилеш Мишра менен жолугушуусу болуп өттү.

ICCR – Индия менен чет мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө боюнча ири жумуш алып баруучу Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңеши, ал Индиянын маданий дипломатиясындагы маанилүү куралы болуп саналат. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген 4 миң студенттерди 25 адистик боюнча окутуу тармагында ири иш алып барат. Окууну каалагандар ICCR сайты аркылуу он-лайн арызы менен кайрылса болот.

Жолугушуунун башкы максаты эки тараптуу кыргыз-индия кызматташуусунун алкагында маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдарда билим берүүгө жана маданий тармактарга багытталган эки тараптуу кызматташтыктын жагымдуу жана туруктуу денгээлдеги маселелери талкууга алынды.

Тараптар илимпоздор жана студенттер менен алмашууну, жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды, маданий иш-чараларды, ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген студенттерди окуу процесине тартуу маселелерин жандандырууну макулдашышты.

Бул багытта олуттуу жардамды ICCR ар тараптуу программалары көрсөтө алат. Бул программалар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Индиянын аймагындагы ар кандай тарыхый жана маданий жайларын көрүү үчүн чет өлкөлөрдүн көрүнүктүү адамдарына чакырууну жөнөтүү;

- изилдөө иштерин, анын ичинде индологии жаатында иштерди жүргүзүү үчүн окумуштуулар менен алмашуу;

- маданий иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Кыргызстандан Индияга жана Индиядан Кыргызстанга чыгармачыл жамааттар менен алмашуу.

Кыргыз-индия кызматташуусунун мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон Индиянын тилдерин, тарыхын жана маданиятын билген адистерди даярдоо маселеси да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK