Индия Республикасынын Премьер-министри Н.Моди С.Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дайындалышы менен куттуктады.

3493

Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Улуу Мартабалуу,

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дайындалышыңыз менен эң жылуу куттуктоолорумду жана мыкты каалоолорумду жеткирүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Индия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жалпы демократиялык баалуулуктарга, ошондой эле тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген. Эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн Сиз менен иштешүүгө үмүттөнөм.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу Мартабалуу, жеке ден-соолук жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалайм.

Улуу Мартабалуу, өзүмдүн урматымды дагы бир ирет ырастоомду кабыл алыңыз”.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK