Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги КМШ өлкөлөрүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

2010

2021-жылдын 14-декабрында КМШ өлкөлөрүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Нью-Делидеги Элчилиги катышты.

Иш-чара КМШга мүчө-мамлекеттердин (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын негизги коногу Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Менакши Лекхи айым болду, ал өз сөзүндө Индия тарыхта Шериктештиктин бардык өлкөлөрү менен тыгыз байланышта болгонун, алар бүгүнкү күндө салттуу жылуу жана достук бойдон калганын белгиледи.

Индия КМШ өлкөлөрү менен көптөгөн тармактарда бекем байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жатканы белгиленди. «Биз элдерибиздин ортосундагы байланыштарды бардык тармактарда өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Биз буга биригүү менен гана жетише алабыз”, - деп белгиледи М.Лекхи.

Иш-чаранын алкагында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган Шериктештик өлкөлөрүнүн биргелешкен сүрөт көргөзмөсү уюштурулду, ошондой эле кеченин коноктору КМШнын бардык 9 катышуучу-өлкөсүнүн улуттук ашканасынын түрдүү тамактарынан, анын ичинде кыргыз ашканасынан даам татууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK