Элчи А.Исаев Бангладештин Тышкы иштер министрлигинин КМШ жана Чыгыш Европа департаментинин башкы директору С.Бодируззаман менен жолугушту
Элчи А.Исаевдин Бангладеш Эл Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышуу үчүн Бангладештин Дакка шаарына жумушчу сапарынын алкагында бүгүн Бангладештин Тышкы иштер министрлигинин КМШ жана Чыгыш Европа департаментинин башкы директору С.Бодируззаман менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-бангладеш кызматташтыгынын келечеги боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга жигердүү салым кошууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.