Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары А.Ибраев менен Индиянын Коргоо министринин орун басары А.Кумардын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

1574

2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары А.Ибраев менен Индиянын Коргоо министринин орун басары А.Кумардын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты. Анын ичинде Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Атайын эксперттик жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүү, учурда Гимачал-Прадеш штатынын Баклох шаарында өтүп жаткан Канжар машыгуулары, Кыргыз Улуттук Аскердик Лицейинин курсанттарынын Индия Республикасынын күнүн майрамдоого катышуу үчүн Индия пландаштырылган сапары ж.б.

Коргоо министринин орун басары А.Ибраев Индия Республикасы Кыргыз Республикасынын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Индия Республикасы менен кызматташуунун жылдарында Индия тарап менен аскердик билим берүү, тынчтыкты сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык, согуштук жана аскердик-техникалык кызматташтык сыяктуу чөйрөлөрдө пландуу негизде аскердик кызматташууга мүмкүндүк берүүчү кыйла кеңири эл аралык келишимдик база түзүлүп, ал атайын окууларды, ошондой эле визиттерди жана жолугушууларды уюштурууга чон көмөк көрсөтөт.

Тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук жана аскердик чөйрөдөгү кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жатканын баса белгилешти. Террордук коркунуч менен күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоодо борбордук ролду БУУ ойношу керек деген жалпы түшүнүк бар. Канжар биргелешкен машыгууларынын, ошондой эле ШКУ жана БУУнун тынчтык орнотуу миссияларынын алкагындагы машыгуулардын ролу баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары А.Ибраевдин Индияга иш сапары 2022-жылдын 30-мартынан 31-мартына чейин Нью-Дели шаарында Коргоо жана коопсуздук боюнча экинчи эл аралык конференцияга катышуунун алкагында өтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK