КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев «ШКУнун Стартап Форуму” боюнча брифингге катышты

1274

2022-жылдын 25-майында КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев Индиянын Тышкы иштер министрлигинде өткөн ШКУнун “ШКУ алкагында Индиянын демилгесине арналган «ШКУнун Стартап Форуму” боюнча брифингге катышты.

Индиянын ШКУга алдыдагы төрагалыгынын алкагында Индиянын Өнөр жай жана ички соода департаменти “ШКУнун үчүнчү стартап форумун” өткөрүүнү пландаштырууда.

Алдыда боло турган иш-чаранын негизги максаттары – стартаптарды ишке ашыруу боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, корпоративдик өз ара аракеттенүүнү жана инвесторлор менен кызматташууну бекемдөө, инновацияда жана мыктылыкта жол көрсөткөн келечектүү стартаптарды аныктоо жана жеңүүчүлөргө ШКУ өлкөлөрүндөгү алдыңкы корпорациялар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK