41-эл аралык «India International Trade Fair» көргөзмө-жарманкеси

812

2022-жылдын 14-ноябрынан 27-ноябрына чейин Нью-Дели шаарында 41-эл аралык «India International Trade Fair» көргөзмө-жарманкеси өтүп, анда Кыргыз Республикасын «Арсланбоб» компаниясы кыргыз балы жана кургатылган жемиштери, жана «Уулман» чыгармачыл тобу гүл басуулар менен жибектен жасалган буюмдары менен тартуулап катышты.

Кыргызстандын павильонуна келгендерге Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тууралуу брошюралар таратылды, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жана өлкөдөгү популярдуу туристтик маршруттар жөнүндө маалымат берилди.

Маалымат үчүн: «India International Trade Fair» эл аралык көргөзмө-жарманкеси текстиль, парфюмерия, тамак-аш жана айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүк жана башка керектөө буюмдары тармагындагы жыл сайын Индиянын Сооданы өнүктүрүү уюму (Indian Trade Promotion Organization) тарабынан өткөрүлгөн Индиянын эң ири соода көргөзмөсү.

Кыргыз Республикасы бул иш-чарага 2014-жылдан бери жыл сайын катышып, ата мекендик продукцияларды, бизнес жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жайылтуу, ошондой эле индиялык жана чет элдик компаниялар менен ишкер байланыштарды түзү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп келет.

2017-жылы Кыргыз Республикасы Индия Өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн көргөзмөгө Фокустук өлкө катары катышкан.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK