Кыргыз Республикасы менен Индиянын билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери «Delhi Public School» мектебинде талкууланды

271

2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин кеңешчиси Д.Сырдыбаевдин «Delhi Public School» борбордук мектебинин директору Падма Сринивасан айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Д.Сырдыбаев маектешине Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү системасы тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап Индиядан келген абитуриенттерди Кыргызстандын ЖОЖдоруна медициналык адистиктерге тартууга кызыкдар экенин белгиледи, учурда Кыргызстанда 17 миңге жакын индиялык студенттер билим алып жатканын билдирди.

Өз кезегинде Падма Сринивасан айым Кыргыз Республикасынын университеттери менен байланыш түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди жана «Delhi Public School» мектебинин системасынын бүтүрүүчүлөрү арасында Кыргыз Республикасынын университеттери жөнүндө маалыматты жайылтууга даяр экенин белгиледи («Delhi Public School» мектептер системасы өлкө боюнча 700гө жакын мектепти камтыйт).

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат алмашуу жана мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK